2016-06-28
‘Cumhuriyet Oyunları’ spor müsabakaları
10-15 Haziran 2016 tarihleri arasında Issık-Göl bölgesinin ‘Kögültür Issık Köl’ sanatoryumunda Kırgız Cumhuriyetinin kimsesiz çocuklar evinden gelen çocuklar arasında ‘Cumhuriyet Oyunları’ spor müsabakaları gerçekleştirilmiştir. Bu etkinliğe toplam 8 takım katılmıştır.
Bunlar:
Talas Narın Voenno-Antonovka Issık-Göl Batken Jalal Abad OşÇüy
Turnuva sırasında sporun 5 branşından yarışmı olup Talas takımı birinciliği kazanmıştır.İkinciliği Batken takımı kaznmıştır. Üçüncülüğü ise Çüy takımı kazanmıştır.
Кыргыз республикасынын балдар үйлөрүнүн
тарбиялануучуларынын арасындагы
“Республикалык мелдеш”
10-15 июнь күндөрү арасында Ыссык-Көл областынын “Көгүлтүр Ыссык-Көл” пансионатында Кыргыз Республикасынын балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын арасында “Республикалык мелдеш” болуп өттү. Республикалык мелдешке жалпысынан 8 команда катышты. Воен. Антоновка балдар үйү-Бишкек ш. Токмок балдар үйү- Чүй областы, Ак- Суу балдар үйү Ыссык- Көл областы, Нарын балдар үйү, Бакай- Ата балдар үйү- Талас областы, Жалал- Абад балдар үйү, Ош балдар үйү, Баткен балдар үйү. Республикалык мелдеште спорттун 5 түрү: футбол, стол тенниси, шахмат, аркан тартыш, жеңил атлетика боюнча таймашышты. Мелдештин жүрүшүндө ар бир спорттун түрү боюнча жеңүүчүлөр аныкталып сыйлоо аземи болуп өттү. Мелдештердин жыйынтыгында жалпы командалык жыйынтыктар аныкталды. Баардык катышуучуларга белектер берилди. Жеңүүчүлөр кубок жана атайын белектер менен сыйланышты.
Жалпы командалык жыйынтык:
1-орун “Бакай- Ата балдар үйү” - Талас обл.
2-орун “Баткен балдар үйү”
3-орун “Токмок балдар үйү” – Чүй обл.
Уюштуруу тобу:
Кыргыз өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Көчө футбол федерациясы жана ошондой эле КТ Манас университетинин студенттери: Асаналиева Айдана, Айдарбеков Улукбек, Абдыкадыр к. Нурзада, Токтосунов Арген, Ырысбек у. Нурбек.